http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстанда Патрулдук милиция кайрадан түзүлөт

Кыргызстанда Патрулдук милиция кайрадан түзүлөт

7 Май , 23:26 724

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кайрадан Патрулдук милиция кызматы болуп түзүлөт. 

Жаңы түзүлө турган кайгуул кызматы алгач борбор калаада пилоттук долбоор катары киргизилет. 

Ага кызматкерлерди кабыл алуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы сынакты 6-майда жарыялады. Жалпы жетекчи орун басарлыгынан баштап катардагы кызматкерге чейин 871 бош орун бар. 

Бардыгы сынак аркылуу тандалат. Документтерди кабыл алуу 6-майдан 6-июнга чейин жүргүзүлөт. 

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгын реформалоо демилгеси былтыр жай айында көтөрүлүп, президенттин демилгеси менен Ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. 

Жумушчу топ жалпы стратегияны жана аны ишке ашыруу кадамдарын иштеп чыкты.

Биринчи максат- патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланышы керек. 

Экинчи маанилүү маселе жол коопсуздук кызматындагы коррупцияны жоюу. Мындан сырткары кызматтын материалдык техникалык базасын чыңдап, кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүү.

Сынакка жөнөкөй жарандар, азыркы иштеп жаткан кызматкерлер да катыша алат. Кенже курам үчүн 19 жаштан 31 жашка чейин, ал эми офицердик курамга 21 жаштан жогору жана жогорку билими болушу керек. Сынактан өткөндөр Ички иштер министрлигинин академиясында 3 айлык курсту окуп бүтүрүшөт. 

Кызматкерлердин биринчи тобу, тактап айтканда 400 адам сентябрь айынын соңунда Бишкек шаарында кызмат өтөөгө киришмекчи.

Адистер реформанын алгачкы баскычына 200 млн сомдун тегерегиндеги каражат керектелерин айтышат. 

Реформанын негизи катары Грузия жана Украинанын үлгүсү алынды. Бул өлкөлөрдө дагы кызматкерлерди ачык сынак менен тандоо жана иштөө шартын жакшыртуу менен ички иштер органдарында олуттуу өзгөртүүлөрдү жасай алышкан.












Новости по дате