http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүүдө

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүүдө

8 Май , 9:11 297

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы эртең белгиленет. Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүүдө. Ордо калаада 9-майдагы салтанат Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүлчамбар коюу менен башталат. 

Салт болуп калгандай эле Бишкек шаардык аскер гарнизонунун парады ошол эле Жеңиш аянтында өтөт. Муну менен катар аскер техникалары көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Андан соң чыгармачыл жамааттар концерттик программа тартуулайт. Ал эми ардагерлерге адаттагыдай эле аскердик ботко берилет. Мына ушул митинг-реквиемге Президент Сооронбай Жээнбеков да катышат.


Новости по дате