http://ktrkdev.ktrk.kg/ИИМ: жети миңден ашык күч орган кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

ИИМ: жети миңден ашык күч орган кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

8 Май , 11:48 342

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

9-Май - Улуу жеңиш күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. ИИМден кабарлагандай, Кыргызстан боюнча жалпы жети миңден ашык күч орган кызматкери тартылган. Алардын үч миңден ашыгы борбор каалада коомдук коопсуздукту камсыз кылат. 

9-май күнү негизги иш-чара жеңиш аянтында өткөрүлөт. Андан сырткары, "Өлбөс полк" жөө жүрүшү Түштүк магистралдан башталып, Байтик баатыр жана Жусуп Абдрахманов, Фрунзе көчөлөрү менен Жеңиш аянтына чейин келет. Ошондой эле, Куралдуу күчтөрдүн ички аскеринин, ички иштер органдарынын парады Тоголок Молдо көчөсүнөн башталып, Чүй проспектиси аркылуу Ибраимов көчөсүнө чейин уланат.

"Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө убактылуу автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Айдоочулар муну түшүнүү менен кабыл алып, башка жолдор аркылуу каттап турса деп сунуштайбыз. Анткени, мунун баары коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында каралаган аракеттер. Коюлган талаптарга бардык жарандарды баш ийүүгө чакырабыз,- дейт ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Исмаилов. 

Новости по дате