http://ktrkdev.ktrk.kg/Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити Кыргыз өлкөсүндө өтөт

Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити Кыргыз өлкөсүндө өтөт

27 Янв , 23:50 426

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жыл Кыргызстан үчүн тышкы саясатта да маанилүү жылдардан болмокчу. Быйыл өлкөгө ири дүйнөлүк державалар- Орусия, Кытай жана Индия мамлекеттеринин жетекчилери мамлекеттик жана расмий иш сапарлары менен келери күтүлүүдө. Ал эми июнь айында Кыргызстан дүйнөлүк саясаттын чордонуна айланмакчы. 

Бишкекте 14-15-июнда Шанхай Кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтүп, дүйнөлүк деңгээлдеги жана аймактагы маанилүү делген маселелер талкууга алынат. Алгач мамлекеттик сапар менен март айынын соңунда өлкөгө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келмекчи. Мында Кыргызстан көңүл бура турчу маселелер тууралуу кийинки материалда айтып беребиз.


Новости по дате