http://ktrkdev.ktrk.kg/Тюмень шаарындагы көчөгө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди

Тюмень шаарындагы көчөгө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди

11 Май , 13:25 353

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиянын Тюмень шаарындагы бир көчөгө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Шаардык мэрияга Тюмендеги кыргыз диаспорасы калаадагы бир көчөгө жазуучунун атын берүү сунушун берген. Сунушту Тюмендин бийлиги четке какпай, Айтматовдун ысымын бир көчөгө ыйгарган. 

Белгилей кетсек, буга чейин жазуучунун ысымы Казакстандын Нур-Султан жана Россиянын Екатеринбург шаарларындагы көчөлөргө берилген. Ошондой эле, Минск шаарында жазуучунун аты ыйгарылган сквер бар.

Новости по дате