http://ktrkdev.ktrk.kg/Өткөн аптада ЕАЭБдин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды

Өткөн аптада ЕАЭБдин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды

3 Фев , 23:49 1112

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул аптада Алмата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңишинин жыйыны өтүү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. 

Анда биримдикке мүчө өлкөлөр ортосундагы интеграциялык процесстер, анын ичинен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара соода байланыштарынын деңгээли жана анын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Мындан сырткары өкмөт башчы "Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби" форумуна катышып, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуусунун алгачкы күндөрүнөн тарта санариптик интеграциялоо жаатында жигердүү иш жүргүзүп жатканын белгиледи. 

Абылгазиев өлкөдө технологиялык башталыштарды өнүктүрүү жана жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында "Санариптик Кыргызстан" аттуу 5 жылдык Санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыгып, жактырылганын да кошумчалады.




Новости по дате