http://ktrkdev.ktrk.kg/Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

4 Фев , 10:05 925

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жума соңунда Казакстандын Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 16-жыйыны өттү. Отурумга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анын  жүрүшүндө тар жана кеңири курамда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Биримдиктин санариптик күн тартибинин долбоорлорун ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода жүргүзүүсү, аларды экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча чаралары талкууланды. 

Жыйынтыгында өкмөт башчылар Евразия өкмөттөр аралык кеңешине мүчө-өлкөлөрүн интеграциялоого багытталган 10дон  ашык  документтерге кол коюлду. Ошондой эле ЕӨАК кезектеги жыйынынын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышты, анын жүрүшүндө технопарктар ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Новости по дате