http://ktrkdev.ktrk.kg/Ысык-Көл жана Нарын облустарына жаңы үлгүдөгү электр эсептегичтери орнотулууда

Ысык-Көл жана Нарын облустарына жаңы үлгүдөгү электр эсептегичтери орнотулууда

4 Фев , 10:46 2495

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы эски электр эсептегичтерди алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул багытта “Чыгышэлектр” ишканасы отуз эки миң даана жаңы үлгүдөгү электр эсептегичтерди жаңыртты. 

Эске салсак, бул иштер ишкана тейлеген Тогуз-Торо районунда да жүргүзүлгөн. Адистердин маалыматында, эски эсептегичтер 1980-жылы өндүрүштөн чыгып өзүнүн иштөө мөөнөтүн эки эсе өтөп бүткөн. Бардык эсептегичтер “Чыгышэлектр” ишканасынын эсебинен сатылып алынып, ар бир кардарга бекер орнотулуп берилүүдө. Энергетиктер белгилегендей, жаңы жабдыктар так эсептеп, эки тарапка тең жеңил болот. Бул иштер быйыл да жүргүзүлөт.

"Бул 2019-жылга 2000 даана үч фазалуу эсептегич жана он миң даана бир фазалуу эсептегичтерди алмаштырууну пландап жатабыз. Бул иштер дагы кайталап кетейин ишкананын эсебинен коюлат. Бул негизинен абонент менен ишкананын ортосундагы эсеп так жүргүзүлүшү үчүн ушул долбоор ишке ашып жатат",- деди "Чыгышэлектр" ишканасынын коммерциялык директору Максат Сагындыков. 

Новости по дате