http://ktrkdev.ktrk.kg/Мал-жандыкка кол салган карышкыр, чөөлөр жок кылынууда

Мал-жандыкка кол салган карышкыр, чөөлөр жок кылынууда

6 Фев , 14:24 1005

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл өрөөнүндө 2018-жылдын ичинде жалпысынан 112 баш карышкыр атылып, 78 чөө жок кылынган. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинен билдиришти. Өткөн жылдын эсебинен жок кылынган жырткычтар үчүн департамент аңчыларга 600 миңден ашык сый акы төлөп берген. 

Ал эми быйыл кар калың болгондуктан, карышкырлар үй жаныбарларына кол салган учурлар катталууда дешет адистер. Мындан улам, департаменттин кызматкерлеринен турган атайын топ мергенчи-сүйүүчүлөр менен бирге жырткычтарды жок кылуу иштерин жүргүзүүдө. Департаменттин мергенчилери мылтык жана ок-дарылар менен камсыздалган.

Новости по дате