http://ktrkdev.ktrk.kg/“Жүңгого сапар” көрсөтүүсү тажрыйба алмашуудагы жакшы табылга

“Жүңгого сапар” көрсөтүүсү тажрыйба алмашуудагы жакшы табылга

6 Фев , 18:01 830

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2004-жылы КТРК каналы менен СУАРдагы Синьцзянь телекомпаниясынын ортосундагы алгачкы макулдашуу келишиминин негизинде, Кыргыз телевидениеси менен радиосунан “Кытай терезеси” көрсөтүүсү бериле баштаган. Ал эми 2018-жылдан баштап кайра КТРКнын эфиринен “Жуңгого сапар” деген аталышта көрсөтүлүүдө. 

Азыркы “Жүңгого сапар” көрсөтүүсү мындан 15 жыл мурун “Кытай терезеси ” деген аталышта эң биринчи жолу КТРдин эфиринен чыккан. Бул көрсөтүү кытай элинин жай турмушу, чарбачылыгы, экономикасы жана маданиятын чагылдырат. Берүү - үйрөнүп тажрыйба алуу үчүн жакшы табылга дейт көрүүчүлөр. 

Нарын шаарынын тургуну 61 жаштагы Мукамбет Ибраев “Жүңгөгө сапар ” көрсөтүүсүн калтырбай көрөт. Аны боордошторубуздун тилди, каада-салтты нукура сактаганы, Кызыл-Суу автономиялуу облусунун кандай жолдор менен өнүгүп жаткандыгы өзгөчө кызыктыраарын айтат.
КТРК менен СУАР телекомпаниясынын макулдашуу келишиминин негизинде: 

2004 - жылы “Кытай терезеси” программасы эфирге алгачкы ирет берилген.
2009 - жылы келишим токтоп, КТР каналынан көрсөтүлбөй калган.
2018 - жылдан бери “Жүңгөгө сапар” көрсөтүүсү кайрадан КТРКнын эки каналынан жана радиосунан күн сайын 1 саат убакыттан берилүүдө.
Эки өлкө ортосундагы алаканы бекемдеп келе жаткан бул көрсөтүүнүн биз үчүн пайдалуу жагы көбүрөөк. Кытай элинин экономикасы, туризми, кандай жолдор менен өнүгүп жатканы, ал гана эмес, дыйканчылык, багбанчылык тууралуу кеңештери жашообузга жакшы натыйжасын берет деген ойлорун айтат кыргыз-кытай кызматташтыгына күйөрмандар.

Убагында КТРК менен кызматташтык келишими Кытай сыяктуу эле Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан өлкөлөрү менен түзүлгөн. Алардын жашоо турмушу тууралуу маалыматтар учурда Коомдук телерадио берүү корпорациясынын телесинен да радиосунан да байма-бай берилүүдө.


Новости по дате