http://ktrkdev.ktrk.kg/Ысык-Көл районундагы шамал бир нече үйдүн чатырын учурду

Ысык-Көл районундагы шамал бир нече үйдүн чатырын учурду

7 Фев , 14:14 1406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл районунда болгон катуу шамал бир нече үйдүн чатырын учуруп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жарандык коргонуу комиссиясы азырынча “Чолпон-Ата суу канал» ишканасынын, Кош-Көл айылындагы бир турак жайдын, Тамчыдагы бир үйдүн чатырлары учканын тактады. Учурда комиссия шамалдын кесепетинен тарткан чыгымды аныктоо жана тактоо иштерин жүргүзүп жатат. 

Эске салсак, 6-январда Ысык-Көл районунда ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал болгон. Азыр жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген материалдык чыгымды тактап жатат.


Новости по дате