http://ktrkdev.ktrk.kg/Мектепке 7 чакырым жолду жөө басып барып, билим алган окуучулар

Мектепке 7 чакырым жолду жөө басып барып, билим алган окуучулар

7 Фев , 21:46 537

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындын Дөбөлү айыл аймагына караштуу Ак-Там кыштоосунун балдары мектепке жөө барышат. Аба ырайынын катаал шартына карабай, 7 чакырым жолду жөө басып, билим алышат.



Алдыда узак жол. Ынтымактуу беш бир тууган кыштоодогу окуучуларга кошулуп мектепке жөнөйт. Чыныгы билим алууга болгон күрөш мына ушул жолдон башталат. 

Узактыгы 7 чакырым жерди басып өтүү оңойго турбаган иш. Андыктан окуучулар жол тосууга мажбур. Эгер унаа чыгып калса, биринчи кичинекейлерди жана кыздарды салып жиберишет.



7 чакырым жерден келип окууган отуздан ашык өспүрүм бар. Булардын маселеси айыл жаштарынын демигеси менен былтыр чечилип, 270 миң сомго кичи автобус сатып алынган. Ал да азыр бузулуп, токтоп турат. Учурда унаа оңдоодон отүп жатыптыр. 






Новости по дате