http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкек шаарында "Мектепке электрондук түрдө жазылуу" долбоору ишке кирет

Бишкек шаарында "Мектепке электрондук түрдө жазылуу" долбоору ишке кирет

8 Фев , 22:54 3712

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

15-февралдан тарта Бишкек шаарында "Мектепке электрондук түрдө жазылуу" долбоору ишке кирет. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда өткөн маалымат жыйында айтылды. 

Ага ылайык, ата энелер электрондук кезекке борбор калаадагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин бардыгына тура алышат. 

Электрондук тутум биринчи кезекте балдарды мектепке кабыл алуудагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт болуп, ага катар ата энелерге балдарын мектепке каттатууга жеңилдик берет. 

Катталуу үчүн баланын, ата эненин өздүгүн аныктаган документтер жана жашаган жеринен гана маалымкат талап кылынат. Билим берүү министрлиги, ата энелерди мектептерге кезекке турууда алгач жашаган жериндеги билим берүү мекемелерин тандоону сунуштоодо. Электрондук тутум 15-февралдан тарта расмий ишке кирет.





Новости по дате