http://ktrkdev.ktrk.kg/Калың кардан түйшүк тартпай, каражат тапкан Жыргалаң айыл тургундары

Калың кардан түйшүк тартпай, каражат тапкан Жыргалаң айыл тургундары

8 Фев , 23:11 2299

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында учурда бир метрден ашык кар бар. Бирок жергиликтүү тургундар калың кардан түйшүк тартпай эле анын аркасы менен каражат таап кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн өздөштүрүшүүдө. Азыр айыл өз жанын тобокелге салып бийик тоолордон лыжа жана сноуборд менен түшкөн спортсмендерге толду. Алар Жыргалаң тоолорун интернет айдыңынан издеп таап, ал аймакка барганын сыймыктануу менен айтышууда.

Азыркы учурда Жыргалаң айылында жааган кардын калыңдыгы бир метрден бир аз жогорураак. Калың жааган кар жергиликтүүлөр үчүн мурда бир топ түйшүк жаратып келсе, учурда пайда да алып келе баштады. Себеби жергиликтүүлөр тоо туризмин, кышкы туризмди өз алдынча эле өнүктүрүшүп, келген конокторду тосуп кызмат көрсөтүп пайда таба башташты.

Жыргалаң айылында тоо туризмин, кышкы туризмди өнүктүрүүгө беш алты жыл мурда Иваковдордун үй-бүлөсү багыт алган. Башында бир топ кыйынчылык болгону менен азыр жөнгө салынып калды. Мурда бул үй-бүлө жылына болгону он чакты турист тосчу. Азыр дестинацияга кошулган он үй-бүлөгө жылына келип кеткен туристтердин саны миңден ашыптыр.

Иваковдордун үй-бүлөсү өздөрү эле турист тосуп андан киреше таппай, айылдаштарын дагы бул тармакка үйрөтүп, азыр он үй-бүлө кызмат көрсөтөт. Бул үй-бүлөлөргө чет элдик донор уюмдар да жардамга келип, материалдык колдоо көрсөткөндөн сырткары туризм тармагы боюнча окутуу иштерин жүргүзүшкөн. Азыр айылда чет тилде сүйлөгөн алты кесипкөй гид иш алып барууда. 

Кевин менен Фиона Америка кошмо штаттарынын Нью-Йорк шаарынын келишкен. Туристтердин келишине интернеттеги Жыргалаң айылынын сурөттөрү жана маалыматтары жетиштүү болуптур.

Азыр айыл ичинде дүйнө жүзүнүн булуң бурчунан келген элүүдөн ашык турист бар. Булардын баардыгы спорттун тили менен айтканда фрирайдерлер. Түшүнүктүү айтсак бийик тоо бетинен, аска зоодон өз жанын тобокелген салып түшкөн спортчулар.
Туристтерге кызмат көрсөткөн уюмдардын билдирүүсүндө быйыл чыгыш европадан келгендер көп, ал эми жылда келүүчү Роосиялык туристтер быйыл аз.
Быйыл кыш айларында Жыргалаң тоолоруна алты жүзгө жакын фрирайдерлер келет деп күтүлүүдө. Ал эми жай айларында бул көрсөткүч эки эсе жогору болушу мүмкүн.


Новости по дате