http://ktrkdev.ktrk.kg/Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр текшерилди

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр текшерилди

8 Фев , 22:45 2642

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө карата болгон текшерүү иши кайрадан уланды. Бул ирет миграция кызматы Бишкек шаарында Вьетнам жарандары ишмердүүлүк кылган тигүү ишканасына жана Индия жарандары иштетүүчү ашкананы текшерди. Кыргызстандын аймагында 3 жылдан бери иштеп жаткан Вьетнамдыктардын тигүү ишканасында жалпысынан 30 адам иштөөгө уруксат алган. Миграция кызматы күтүүсүздөн текшерген мезгилде алардын 20 адам иштеп, бардык документтери жайында эле болуп жаткан.

Ишкана өкүлдөрү башында иштөөгө уруксат алган жарандардын бир канчасы кетип калган деген маалымат берип жатышканы менен, алардын эч кимиси миграция кызматына каттоодон чыга турган документ берген эмес. Көрсө жанатан жашырып, дурус маалымат бере албай жаткан иштин чоо-жайы башкада экен. Ишкананын башка бир бөлмөсүндө, эч кандай уруксаты жок иштеп жаткан 11 жаран жашырынып турган.

Мыйзамсыз иштеп жаткандардын айрымдарынын жада калса паспорттору да жок болуп чыкты. Азыр жолдо баардык документтерди алып келе жатат деген адамы эки саатка чукул күттүрүп, бирок эмнегедир келген жок. Жыйынтыгында мыйзамсыз иштеп жаткан жумушчуларга акт түзүлдү.

Ал эми бул болсо ордо калаадагы Фрунзе жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Индустардын ашканасы. Миграция кызматы билдиргендей, бул жайга иштөөгө 14 адамга уруксат берилген. Бирок текшерүү учурунда 30 га чукул индиялык жаран иштеп жатканын маалымдашты.

Бирок өзүн ушул жайдын өкүлүмүн деп тааныштырган Суниль аттуу адам чакан ашканада канча адам эмгектенип жатканын билбейт. Айтымында ордо калаада алардын жердештери көп болгондуктан, каалагандары келип жардам берип турушат. Ал эми алардын документтерин текшерген учурда, экөөнүн Кыргызстанда иштөө мөөнөтү эбак бүтүп калгандыгы аныкталды.

Баарынан кызыгы, жаңы кодекс боюнча Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар болсо, жумуш берүүчүгө гана 1000 сом айып салынат дагы, кайрадан ишин уланта берсе болот. Мурдагы кодекс боюнча ар бир мыйзамсыз иштеген мигрантка 10 миң сом айып салынып, андан соң иши сотко өтүп, жыйынтыгында өз өлкөлөрүнө чыгарылчу. Былтыр миграциялык эрежелерди сактабаган 5 миңден ашуун адам аныкталып, 47 миллион сомдон ашык административдик айып салынып, өлкөдөн чыгарылган.


Новости по дате