http://ktrkdev.ktrk.kg/Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

20 Май , 12:30 320

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.  Ага ылайык, 22-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн.

 Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында  катуу жамгыр  жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.


Новости по дате