http://ktrkdev.ktrk.kg/Коррупцияга каршы күрөш

Коррупцияга каршы күрөш

10 Фев , 21:55 427

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Туура бир жыл мурун, тактап айтканда 2018-жылдын 8-февралында өлкөнүн Коопсуздук Кеңеши өзүнүн отурумуна “коррупция” маселесин алып чыккан. Мына ошол жыйында кыргызстандыктар өлкөдөгү жемкорлуктун чыныгы абалы, ал кандай деңгээлге жетип калганы тууралуу маалыматтарды президенттин өз оозунан угушкан жана ар бир тармактагы паракорчулук мамлекетти артка тартып баратканы анда биринчи жолу жогорку деңгээлде, ачык айтылган.


Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөөрдөн 10 күн мурун Бишкек жылуулук электр борборунда кырсык орун алган эле. Мына ошол 386 млн долларга модернизацияланган ЖЭБдин жыл айланбай иштен чыгышы күмөндүү көп суроолорду жаратып, кийин тергөө жылуулук борборун оңдоп түзөөдөгү ири коррупциялык схемаларды аныктап чыкты. Анын бир мисалы эле 600 долларлык кычкачтар болгону белгилүү.


Новости по дате