http://ktrkdev.ktrk.kg/Айдоочунун жоопкерчилигин камсыздоо мыйзамы

Айдоочунун жоопкерчилигин камсыздоо мыйзамы

10 Фев , 22:03 413

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул жылдын 7-февралынан тарта өлкөдө “Автотранспорт каражаттарын милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзам күчүнө кирмек. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, документтин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылга чейин жылдырууну демилгелешти.

Өкмөт унааларды камсыздандырууга багытталган бардык укуктук нормативдик актылар жана даярдык иштеринин бүткөнүнө карабай анын мөөнөтүн жылдыруу чечимин туура деп кабыл алышууда. Анткени министрлер кабинети 3 жыл аралыгында автотранспорт каражаттарын камсыздандыруунун жолдорун тереңирээк изилдеп чыгып, жарандардын кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу боло турган ыкмаларды дагы да жакшыртуунун үстүндө иштешмекчи. Эске салсак, мыйзам 2016-жылы ишке кириши керек болчу, анда 2019-жылга чейин жылдыруу чечими кабыл алынган болчу. 



Новости по дате