http://ktrkdev.ktrk.kg/Президент ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынында олуттуу маселелер көп экенин белгиледи

Президент ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынында олуттуу маселелер көп экенин белгиледи

20 Май , 15:12 448

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун Парламенттик Ассамблея Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту. 

«Дүйнөдө жана региондо кырдаал бардык деңгээлдерде тыгызыраак кызматташууну талап кылууда. Сиздердин эл аралык жана аскерий-саясий өз ара аракеттешүүнүн абалын жана болочогун туруктуу түрдө талкуулап жатканыңар кубандырат. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү принциби биздин өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштырууну талап кылат. Сиздер Уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкештөө маселелери боюнча чоң иштерди жасап жатасыздар. Жамааттык коопсуздук системасын мындан ары өркүндөтүү жана аны укуктук жактан камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Парламенттик Ассамблеянын ЖККУга мүчө мамлекеттердин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарынын чоң мааниси бар. ЖККУга мүчө мамлекеттердин моделдик мыйзамдарынын долбоолору мына ушул сиздердин аракетиңиздердин иш жүзүндөгү натыйжасы болуп саналат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жемиштүү кызматташтык үчүн азыркыдан да көбүрөөк салым кошо алат. Уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүү жөнүндө мамлекеттер башчыларынын чечимин аткаруу создугуп жатканын белгилеп, жамааттык коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары Сооронбай Жээнбеков улуттук мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тездетүүнү өтүндү.

Белгилей кетсек, ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйыны Бишкекте өтүп жатат.

ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Новости по дате