http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Кабат үйдүн алдын жеке менчик унаа токтотуучу жайга айландырышты...

Элдик репортер: Кабат үйдүн алдын жеке менчик унаа токтотуучу жайга айландырышты...

11 Фев , 15:23 197

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кабат үйдүн алдын жеке менчик унаа токтотуучу жайга айландырып алышты. Бул маселе боюнча көп жерлерге кайрылып көрдүк. Бирок унаа токтотуучу жайдын ээсинин жогору жакта таанышы болгондуктан, иш кайра эле жабылып калууда. Айлабыз кеткенде силердин рубрикаңар аркылуу чыгарууну туура көрдүк,-деп кайрылган окурман. 

Бишкек шаарынын Бейшеналиева көчөсүндөгү №29-29а-30-31 кабат үйлөрдүн короосунан орун алган жеке менчик унаа токтотуучу жайдын айынан ал жерде жашагандар унааларын короонун ичине эмес сыртына токтотушат. Мындай мыйзамсыз көрүнүшкө мэрия тараптан дагы эч кандай чара көрүлгөн эмес.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате