http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Нарындын Куланак айыл көчөлөрү кардан начар тазаланууда

Элдик репортер: Нарындын Куланак айыл көчөлөрү кардан начар тазаланууда

11 Фев , 17:34 290

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Нарын районунун Куланак айылына кыш башталгандан бери кар көп түшүүдө. Көчөлөрдө, жол жээктеринде карлар үстү - үстүнө үйүлүп, жакшы күрөлбөй келет. Жергиликтүү тургундун пикиринде, тиешелүү ДЭУ кызматы ишин чала аткарып, кардын үстүңкү катмарын эле кырып кетишет.

"Бизге күздөн бери кар жаап жаткандыктан, көчөлөрдөгү карды тазалоо көйгөй жаратууда. ДЭУ техникасы кардын үстүнөн эле кырып кетет, тазалап деле жыргатышпайт. Кечээ жаган кар көчөнүн четинде тапталып калды. Жолдун ортосун машинелер ары-бери жүрүп жатып өздөрү ачкан, ал эми жолдун четин мектепке бараткан балдар менен мал-жандык жиреп таптап коет. Жол тазалаган кызматтын ишин карагандар барбы? Ким көзөмөлдөйт?",- деп суроо калтырган айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате