http://ktrkdev.ktrk.kg/Жаш өмүрү жайраган жаркылдаган Жайна кыз...

Жаш өмүрү жайраган жаркылдаган Жайна кыз...

12 Фев , 9:12 5903

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Журналист Жайнагүл Тазабекова бүгүн жерге берилди. 

Ал 10-февралда түнкү саат экиде Ахунбаев менен Кырк-Кыз көчөсүнүн кесилишинде жолдошу жана 6 айлык кызы менен бара жатып жол кырсыгынан улам каза болгон.

Дегеле бул эки жолдун кесилишинде кырсык көп катталат. Жергиликтүү тургундардын айтымында кышкысын жол тайгак болгондо, бир күндө жок дегенде эки унаа ортодо турган айлампага кирип кетет. 

28 жаштагы журналист Жайнагүл Тазабекова Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө окуган. Эмгек жолунда "Биринчи радио", "Санжыра" радиолорунда жана "Пирамида", "Ала-Тоо 24" телеканалдарында иштеген. Маркум декреттик өргүүгө чыгып, кыздуу болуп, энелик бакытка балкып турган учуру эле.

Жубайлар кырсык болгон түнү шеринеден кайткан. Унаа электр мамычасын сүзгөндө Жайнагүл жанаша жаткан кызын сактайм деп, аны денеси менен жаап калган. Айдоочу отурган отургучтун учтуу жери башына тийип, жаракаттан улам ооруканага жетпей үзүлгөн.

Ахунбаев менен Кырк-Кыз көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан айлампа ичинен кырсыкка кабылган унаалардын тетиктерин оңой эле табасың. Өзгөчө кышкысын жол тайгак болгондо кырсык көбүрөөк катталат. Бул кесилиште жол белгилери коюлганы менен жарык жоктугунан айдоочу түз эле келип айлампага кирип кетет.

Айлампанын айланасын жарыктандырууга азырынча даярдык гана көрүлүүдө. "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынан билдиришкендей кырсык көп катталуучу Ахунбаев менен Кырк-Кыз көчөсүнө жаз айларында жарык берилет. Ага чейин аман болуп, сак жүрөлү.



Новости по дате