http://ktrkdev.ktrk.kg/"Коопсуз шаар": айып пулдун өлчөмүн талдап чыгуу тапшырмасы берилди

"Коопсуз шаар": айып пулдун өлчөмүн талдап чыгуу тапшырмасы берилди

21 Май , 13:49 361

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол эрежесин бузгандар төлөөчү айыпты жөнгө салуу, элдин чөнтөгүнө карап ылайыкташтыруу маселеси жакшылап талданып чыгат. Бул тапшырманы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү жетекчилерге "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн кеңешмеде берди. 

Маалыматка караганда, жумушчу топко коомчулуктун жана парламент депутаттарынын пикирлерин эске алуу, учурдагы айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн, натыйжалуулугун карап чыгуу милдети жүктөлөт. Өкмөт башчы аймактарда долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында анын баш калаадагы жыйынтыктарын талдап чыгуу керектигин билдирди.

Новости по дате