http://ktrkdev.ktrk.kg/Дайынсыз жоголгон ооганчы табылды

Дайынсыз жоголгон ооганчы табылды

13 Фев , 13:07 4635

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ооган согушунда дайынсыз жоголуп, жакындары тарабынан каза болду деп эсептелип жүргөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Орозалы Кочкоров 36 жылдан кийин тирүү табылды. Азыркы учурда ал Ооганстанда жашап жатканы тастыкталды. 

Орозалы Кочкоров Ноокен районуна караштуу Сакалды айылында туулган. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын 5-си. 1981-жылы 18 жашында Ооганстанга аскерге чакырылып, эки жылдан кийин барымтага алынып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

Ал гана эмес, каза болгондордун катарында тажыясы да өткөрүлгөнүн бир тууган агасы Аскаралы Кочкоров айтат. Ал атам менен апам баласын зарыгып күтүп жүрүп көзү өтүп кеткен дейт.

Каза болду дешкен Орозалы Кочкоровдун ысымын айылдагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылып, жакындары менен айылдаштары эскерип турушкан. Бирок, дайынсыз жоголгон кыргыз жоокери тирүү болуп чыкты. Былтыр Орусиянын каналында ооганчылар жөнүндө тартылган бул көрсөтүүдө Орозалы Кочкоров журналист менен маек курганы көрүнүп турат. Аны таанып калган туугандары дароо эле тийиштүү тараптарга жана облустук Ооганчылар кеңешине кайрылышкан.

Орозалы Кочкоровдун тирүү экендиги боюнча тастыкталган кабар анын бир туугандарын, жакындарын жана досторун кубандырып турган кез. 

Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун жоокер жиберилип, анын 252си каза болуп, миңден ашууну ар кандай жаракат алган. 500дөн ашууну майып болуп кайткан. Төрт жоокер дайынсыз жоголгон. Анын бири жогоруда сөз болгон Орозалы Кочкоров болчу.


Новости по дате