http://ktrkdev.ktrk.kg/Ачык өкмөт сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт

Ачык өкмөт сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт

21 Май , 13:59 119

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ачык өкмөт сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтар» конференциясынын жүрүшүндө айтты.

Аскаров белгилегендей, демократиялык коомдо маалыматтарга мамлекеттик монополия болбойт. "Өнүгүү процессине бардыгы – мамлекеттер, активдүү жарандык коом институттары, массалык маалымат каражаттары, бизнестик ишкер чөйрө, эксперттик коомчулук жана кызматташтык өлкөлөрүнүн потенциалдуу өнөктөштөрү тартылган. Дал ушинтип коомду өнүктүрүүгө мамлекет гана эмес, бардык жарандар тартылат", – деди Замирбек Аскаров.

«Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн алкагында кабыл алынган милдеттемелерди ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 16-октябрында 2018-2020-жылдары өлкөдө "Ачык Өкмөт" куруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы бекитилген.


Новости по дате