http://ktrkdev.ktrk.kg/Телерадиокомпаниялар аралык кызматташууну улантуу келишимине кол коюлду

Телерадиокомпаниялар аралык кызматташууну улантуу келишимине кол коюлду

21 Май , 21:57 2543

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-кытай достугу тыгыз бекемделсин! Мындай ой-тилектер СУАР телерадиокомпаниясынан келген делегация менен КТРКнын жана “Жуңгого сапар” көрсөтүүсүнүн көрүүчүлөрү менен болгон жолугушуу учурунда айтылды. Кыргыз телерадиокорпорациясы менен СиньЦзян телерадиостанциясынын жетекчилери Жайнак Үсөн уулу менен Жав Ханг 2004-жылдан бери уланып келе жаткан кызматташтыкты узартуу максатындагы келишимге кол коюшту. 

КТРКнын башкы директору мындан ары да боордош Кытай элинин телерадиостанциясы менен сапаттуу өнөктөш болуп, мыкты идеяларды, тажрыйба, контент алмашуу сыяктуу ири иштерди жүзөгө ашырууга жан үрөйлү, деген оюн айтты.

"Биздин кызматташтык дагы күчөйт. Келечекте позитивдүү иштер аткарылат деген ойдомун. Ал үчүн бардык аракеттерди көрүп, эки тарап тең белсенебиз",- деди КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу.


Новости по дате