http://ktrkdev.ktrk.kg/Мүмкүнчүлгү чектелген баланы кароо үчүн кимдер жеке ассистент боло алат?

Мүмкүнчүлгү чектелген баланы кароо үчүн кимдер жеке ассистент боло алат?

14 Фев , 10:05 326

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ден соолугунан мүмкүнчүлгү чектелген баланы кароо үчүн кимдер жеке ассистент боло алат жана ага кандай документтер талап кылынат? Ушул өңдүү суроолордун тегерегинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аймактардагы жергиликтүү социалдык стационардык мекемелердин жетекчилерине окутуу жүргүзүүдө. 

Министрлик тарабынан жеке ассистентти окутуу боюнча атайын программа иштелип чыгып, анын негизинде баланы караган тарап 4900 сом өлчөмүндө айлык акы алат. Ошондой эле, анын келечекте пенсияга чыгуу жагы да каралган. Жобого ылайык майыптыгы бар балага асистент болуп ата-энеси, жакындары же болбосо жалданма катары башка бирөө боло алат.

"Жеке ассистен өз ыктыяры менен патент алып, камсыздандыруу боюнча полисин төлөйт. Ал боюнча дагы салык инспекциясынын кызматкерлери окууларды өткөрөт",- деди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева. 

Новости по дате