http://ktrkdev.ktrk.kg/Алименттен качкандар издөөгө алынат

Алименттен качкандар издөөгө алынат

14 Фев , 14:55 462

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алимент төлөбөй качып жүргөн 2 миң 731 киши издөөдө. Аларга Сот департаменти издөө жарыялаган. Жогорку Кеңеш алименттик милдеттенмелердин аткарылышын тескөөгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. 

Демилгечилердин айтымында, 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаңы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыккан. 

Жаңы сунушталган мыйзамда алимент төлөбөй качып жүргөндөрдүн аты-жөнү, сүрөтү менен атайын түзүлгөн электрондук маалымат базасына киргизилет. Мындан тышкары, алардын кээ бир укуктары чектелет.


Новости по дате