http://ktrkdev.ktrk.kg/Жаңы үлгүдөгү жарандык паспортторду чыгаруу кайсы компанияга буюрду?

Жаңы үлгүдөгү жарандык паспортторду чыгаруу кайсы компанияга буюрду?

14 Фев , 19:00 483

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда быйылтан тартып биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспортту берүү пландалган. 

Жаңы үлгүдөгү электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча былтыр тендер жарыяланган. Мунун жалпы баасын Мамлекеттик каттоо кызматы 1 миллиард 263 миллион сом деп эсептеп, аны ишке ашыруучу компаниялар арасында сынак жарыялаган.

Биринчиден тендер ачык турдо отту. 5 компания арыз берген. техникалык, каржылык, заводдору каерде дегендей тиешелүү талаптарга ылайык өттү. Макул болгондор катышкан. Сынакта тандоого канча паспорт жасаганы, иш тажрыйбасы, салык документтери да эске алынат, - деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев.

Тендердин жыйынтыгы 1-февралда чыкты. Анда Кыргызстан койгон талаптарына литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын сунуштары ылайык келген.

Тендерде алдыга чыккан литвалык бул компания паспорттун бланкын чыгарган алдыңкы заводго ээ, дүйнөлүк аты бар. 25 жылдык тарыхында 50дөн ашык мамлекеттин базарында иштеп келет. Бул ишкананы тандоо менен кыргыз өкмөтүнүн, жарандарынын алдында чоң мүмкүнчүлүктөр ачылаарын компания өкүлдөрү айтышты.

Кыргызстандыктар азыр колдонуп жаткан жалпы жарандык паспорттун үлгүсү 2006-жылы бекитилген. Баасы 590 сом. 

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, кыргызстандыктар заманбап үлгүдөгү электрондук жалпы жарандык паспортту август айында ала башташат.


Новости по дате