http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкекти таза суу менен камсыздоо жакшырууда

Бишкекти таза суу менен камсыздоо жакшырууда

23 Май , 15:11 308

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын 43 пайыз калкын таза суу менен камсыздоочу Орто-Алыш суу топтомунда бургулоо иштери жүргүзүлүп, жаңы скважиналар даярдалды. “Бишкек шаарына суу берүү жана канализация системасын реабилитациялоо” боюнча долбоордун 2-фазасы жүрүп жатат. Бишкектин мэри Азиз Суракматов менен долбоорду каржылап жаткан Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкынын жетекчиси Сума Чакрабарти иштин жүрүшү менен таанышты.

Биз азыр Бишкек шаарынын жашоочуларынын дээрлик жарымын ичүүчү таза суу менен камсыздоочу “Орто-Алыш” суу сактоочу жайындабыз. Бул жердин жалпы аянты 472 гектар. Бардыгы болуп баш-аягы 115 артезиандык скважина бар. Бургулоо иштеринин жыйынтыгы менен дагы 35 жаңы скважина Бишкек шаарынын суу түтүкчөлөрүнө туташтырылган.
Калаа элине суу берүү жана канализация системасын жаңылоо иштери ирээти менен ишке ашууда. Учурда сордургучтар менен электр жабдуулары алынып келинген. Трансформаторлор орнотулуп, электр курлары тартылып даяр.

Бул долбоорду каржылоо жагын Европа Өнүктүрүү жана реабилитациялоо Банкы колго алып, 16 миллион евро бөлүп берген. Анын 8 миллиону гранттык негизде, калган 8- кредит түрүндө берилген. Көмөк көрсөтүп колдоп жаткандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэри ыраазы экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түштүк тарабына берилүүчү таза суу дал ушул жерден тазаланып, хлорлонот. Учурда канализация системасын долборлоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүткөндөн кийин тендерди уткан фирма курулуш иштерин баштаарын айтат суу каналынын өкүлдөрү.

Новости по дате