http://ktrkdev.ktrk.kg/Быйыл картөшкөнү жылдагыдан аз айдоо пландалууда

Быйыл картөшкөнү жылдагыдан аз айдоо пландалууда

19 Фев , 16:41 2839

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл картөшкө жылдагыдан аз айдалат. Жалпы өлкө боюнча 2019-жылы 81 миң гектар картөшкө эгилет деп эсептелүүдө. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотовдун айтымында, министр коңшу Өзбекстанда сүйлөшүү жүргүзүп келди. 

Быйыл азыктын бул түрүн коңшу өлкөгө экспорттоо активдешет деп күтүлүп жатат. Былтыр Кыргызстанда 84,4 миң гектар аянтка картөшкө айдалган. Натыйжада жалпы 1 миң 500 тонна картөшкө өндүрүлгөн. 2018-жыл 17-августта Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан ташылган жашылчанын бул түрүнө тыюу салган. 2-ноябрда гана кайра уруксат берген. Былтыр картөшкөнүн дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5-5 сомдон сатылууда.


Новости по дате