http://ktrkdev.ktrk.kg/КТРК: Байкоочу Кеңештин отчету жактырылды

КТРК: Байкоочу Кеңештин отчету жактырылды

28 Май , 9:50 1273

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин 2018-жылдагы аткарган иши тууралуу отчёту Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жактырылды. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетте Байкоочу Кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев маалымат берип, былтыркы жылдагы КТРК тарабынан аткарылган иштерди тизмектеди. 

Эл өкүлдөрү тарабынан көрсөтүүлөрдүн мазмуну, жарнактарга байланыштуу сунуш-пикирлер айтылды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү отчётту колдоп, эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмай болду.


Новости по дате