http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстандын балы сынакта алтын медалга татыды

Кыргызстандын балы сынакта алтын медалга татыды

28 Май , 10:53 2023

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын ак балы Лондондогу сынакта алтын медаль алды. Фестивалга кыргыздын Ат-Башы айылынын балын арабиялык Балгиис дүкөнү алып барган. Компаниянын директору Рияд Хамеддин айтуусунда, кыргыз балы экологиялык сапаты жана өзгөчө даамы менен бааланган.

Ал белгилегендей, Ат-Башы балы буга чейин да бир канча белгилүү бал сынактарында сыйлык алган. Бул жакшы көрсөткүч, мындан ары да ушул сапатты жоготпоону кеңеш берем, - дейт. 

"London International Honey Awards" сынагынын алтын медалы - мыктылардын мыктысын аныктоодо маанилүүлүгү жагынан экинчи орунда турат. Биринчи орунга платина медалы ыйгарылат.

Новости по дате