http://ktrkdev.ktrk.kg/Аба-ырайы: бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Аба-ырайы: бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

30 Май , 10:02 516

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-2-5-июндарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Новости по дате