http://ktrkdev.ktrk.kg/КТРКнын көрсөтүү, уктуруулары медиа изилдөөнүн негизинде бааланат

КТРКнын көрсөтүү, уктуруулары медиа изилдөөнүн негизинде бааланат

30 Май , 16:53 2269

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын көрсөтүү, уктуруулары медиа изилдөөнүн негизинде бааланат. Ар бир көрсөтүүнүн көрүмдүүлүгү, сапаты, деңгээли ушул изилдөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Корпорациянын башкы директору Жайнак Үсөн уулу тарабынан каналдын контентин жакшыртуу максатында көтөрүлгөн демилгени Байкоочу Кеңештин дээрлик бардык мүчөлөрү жактырып, колдошту. 

Бул аракет КТРК үчүн жакшы жардам болуп жаткандыгын белгилешти. Эл аралык ЮСАИД жана Интерньюс уюмдары тарабынан каржыланган бул долбоор учурда ишке кирип, медиа изилдөө боюнча кызуу иштер аткарыла баштагандыгын каналдын жетекчиси айтат.

"Келишим 5 жылга түзүлгөн. Алдыда 4 канал: Биринчи канал, "Маданият", "Ала-Тоо 24" жана же "Музыка" же "КТРК Спорт" каналын киргизели деп турабыз",- деп билдирди КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу. 

"Мен бул долбоорду колдойм. Анткени КТРК үчүн жакшы жардам. Ар ким өзүнүкүн мактай берет, эми ченөө аркылуу тандалат",- дейт КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубат Болотканов.  

Новости по дате