http://ktrkdev.ktrk.kg/Шашылыш билдирүү: 5-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү: 5-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

3 Июнь , 11:48 329

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкө аймагында 3-июнунан 5-июнуна чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнь күндөрү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-5-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын  күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Новости по дате