http://ktrkdev.ktrk.kg/Таласта быйыл 3 мектептин имаратынын курулушу аякташы күтүлүүдө

Таласта быйыл 3 мектептин имаратынын курулушу аякташы күтүлүүдө

9 Март , 21:45 383

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таласта быйыл 3 мектептин имаратынын курулушу аякташы күтүлүүдө. 

Жалпы облус боюнча 29 билим берүү мекемелеринин имараттары курулуп жатат. Анын ичинде үчөөнүн долбоору түзүлүп, курулушу баштала элек. 

Өкмөттүн, эл аралык, жергиликтүү фонддордун каражаттарына башталган курулуштардын айрымдарына 6-7 жыл болуп кеткен. Көпчүлүгү ар кандай деңгээлде курулуш иштери токтоп турат. 

Ошондуктан өкмөттүн атайын чечими менен кайсыл гана имарат болбосун 70 пайыздан кем эмес курулушу аяктаган имараттарды биринчи кезекте бүткөрүү керек. Алардын үчөө капиталдык курулуш башкармалыгына сунушталды. 

Быйыл чет элдик инвесторлордун колдоосу менен дагы 3 мектеп толук курулуп бүтөөрү күтүлүүдө.


Новости по дате