http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстандык жаачы кыз бутунан оор жаракат алды

Кыргызстандык жаачы кыз бутунан оор жаракат алды

11 Март , 10:00 319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сауд Аравияда өтүп жаткан этнофестивалга даярдык учурунда бутунан оор жаракат алган кыргызстандык Асланайым Аширова Эр-Рияддагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Ага зарыл жардам берилгенин "Көчмөндөр ааламы" делегациясынын уюштуруу комитетинин башчысы Айнура Темирбекова "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Анын алдында социалдык тармактарда Ашировага керектүү жардам берилбей жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Кырсыкка кабылган жаачы Асланайым Аширова Салбуурун федерациясынын курамында барган. Ал өз өнөрүн ат үстүндө тартууламак. Айнура Темирбекова Этнооюндардын дүйнөлүк конфедерациясы Ашированын абалына тынчсыздануусун билдиргенин, ал уюштуруучулардын көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Ашированын жанында Салбуурун федерациясынын өкүлү бар. Сауд Аравияда "Сamel Fest" фестивалы 9-мартта баштады. Иш-чаралар 23-мартка чейин уланат. Ага катышкан 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөрүн тартуулашат.

Новости по дате