http://ktrkdev.ktrk.kg/Москва шаарындагы адам өмүрүн алган кырсыктын себептери иликтенүүдө

Москва шаарындагы адам өмүрүн алган кырсыктын себептери иликтенүүдө

12 Март , 9:56 261

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Москва шаарында кыргызстандык таксист коюп кетип каза тапкан эки киши тең Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Россиядагы элчилик билдирди.

Эскерте кетсек, каргаша 8-март күнү эртең менен болгон. Алдын ала маалыматка караганда айдоочу рулга ээ боло албай калган. 25 жаштагы таксист камакка алынып, байланыш атасы жана бир тууган эжеси аркылуу болуп жатканы кабарланды. 

"Кырсыктан мерт кеткендердин бири 28, экинчиси 30 жашта болгон. Жүк-200дү жөнөтүү 12-мартка белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баштапкы тергөө жүрүүдө. Элчилик ишти өз көзөмөлүнө алганын кошумчалады.

Новости по дате