http://ktrkdev.ktrk.kg/"Коопсуз шаар": экинчи фазасы бүгүнтөн тарта ишке кирет

"Коопсуз шаар": экинчи фазасы бүгүнтөн тарта ишке кирет

12 Март , 13:29 296

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасы бүгүнтөн тарта ишке кирет. Буга зарыл болгон тиешелүү жумуштар жасалды. Бишкектин тогуз көчөсүнүн кесилиштерине жана ири трассаларга дагы фото жана видео байкоо камералары орнотулду. 

Буга чейин Бишкектин 10 жол кесилишине орнотулган камералар иштеп жатат. Дагы 20 көчмө комплекс ар жерде көзөмөл жүргүзүүдө. 4-марттан тарта бул долбоор алкагында жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппул почта кызматы аркылуу жөнөтүлө баштады.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 4-марттан 12-мартка чейин 10 миң 569 жол эрежесин бузган факт катталды. Бул туурасында Жол коопсуздугунун көзөмөлүн камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов парламенттин тармактык комитетинде билдирди. Анын айтуусунда, эреже бузуулардын 4 миң 673 протоколу "Кыргыз почтасы" аркылуу унаа ээлеринин даректерине жиберилди.


Новости по дате