http://ktrkdev.ktrk.kg/Лейлекте бул жылы эгин аянттарына сугат суу берүү эрте башталды

Лейлекте бул жылы эгин аянттарына сугат суу берүү эрте башталды

13 Март , 21:13 200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Лейлек районунда бул жылы эгин аянттарына сугат суу берүү эрте башталды. Буга себеп каналдарды тазалоо жумуштары быйыл мөөнөтүнөн мурда бүткөн. Буга чейин дыйкандар эгинге апрель айынын ондорунда гана суу коюшчу. Кулунду айыл өкмөтүнүн дыйкандары эгин талааларына суу коюуну 10-марттан тарта башташкан.



Сейитбек Кадыров 70 сотых жер аянтына арпа сээп, эгинине суу коюп жаткан учуру. Жаз эрте келгендиктен сугат суу да мөөнөтүнөн мурда берилди. Башка жылдары суу келгенге чейин себилген үрөндү канаттуулар жеп кеткен учурлар болгон. Бул жылы убагында суу коюлгандыктан мындай жоготууга дуушар болбойт.

Лейлек райондук суу чарба башкармасы 10 миң гектар жер аянтын сугат суу менен камсыз кылып келет. Бүгүнкү күндө өз нугу менен чыгуучу суу каналдары толугу менен тазаланып, 10-марттан тарта сугат суу бериле баштаган.


Лейлек районундагы сугат жерлердин 5 миң гектары насос аркылуу сугарылат. Анын ичинде Арка каскаддык насостук станциясы аркылуу сугарылуучу жерлерге 25-марттан тарта суу берилгени турат. Учурда даярдыктар жакшы.

Ар жыл сайын оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен электр энергиясы мураптарды түйшөлтүп келет. Анткени, Тажикстандын электр энергиясына көз каранды болуп, жыл сайын 40 млн сомдон ашуун каражат төлөнөт. Ага карабай заарыл учурларда сугат суу берүү үзгүлтүккө учурап да калган. Мындан улам бул маселени эртерээк чечип, электр энергиясы Кыргызстандан камсыздалса дешет. 





Новости по дате