http://ktrkdev.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: Элчилердин ишине талап күчөйт

Сооронбай Жээнбеков: Элчилердин ишине талап күчөйт

14 Март , 13:30 219

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Элчилердин ишине талап күчөйт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери менен өткөрүлгөн кеңешме учурунда айтты. Мамлекет башчысы алыста жүргөн мекендештердин укуктарын талаптагыдай коргоп, өлкөгө инвестиция тартууну тапшырды. 

Ошондой эле, тышкы саясаттын жаңы концепциясын ишке ашыруунун зарылчылыгын белгиледи. Бүгүнкү жолугушууга 27 элчи катышты. Кийинки өткөрүлө турган кеңешмеде ар бир дипломаттын ишинин жыйынтыгы кандай болгону суралат.

“Жаңы концепцияга ылайык максаттар белгиленди. Мен Австриядагы элчи катары ал өлкө менен энергетика, туризм, кайра иштетүү тармагындагы кызматташууну жандандырууга салым кошушум керек. Ар бир элчи ошол өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша максаттарды аныктайт да”,- деди Кыргызстандын Австриядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, ЕККУдагы өкүл Бакыт Жусупов. 

“Жапония технологиясы өнүккөн өлкө. Дал ушул багытта, байланыш тармагында тажрыйба алышыбыз керек. Ошондой эле, билим берүүдө кызматташтыктын жогорулатууга аракет кылам”,- деп билдирди Кыргызстандын Жапониядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев. 

Новости по дате