http://ktrkdev.ktrk.kg/Өкмөт ишинин 2019-жылга карата артыкчылыктуу багыттары белгиленди

Өкмөт ишинин 2019-жылга карата артыкчылыктуу багыттары белгиленди

14 Март , 15:26 195

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Коопсуз шаар» долбоорун өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырууну аяктоо, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу тутумун киргизүү, бардык мамлекеттик органдарды «Түндүк» тутумуна кошуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын өндүрүштүк ыргакта ишке киргизүү жана электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү 80ге чейин жеткирүү. Ушул жана башка маселелер Өкмөттүн 2019-жылга карата артыкчылыктары катары белгиленди.

Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы башкы милдет ИДПнын 4% кем эмес өсүшүнө жетишели. Бул максатта бир багытта иштеп, ар бир жетекчиге конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорду бекитүү зарыл. Биз экспортту, бюджетке салыктык түшүүлөрдү жана бажы алымдарын көбөйтүү үчүн ЕАЭБ рыногун максималдуу колдонушубуз керек. Биз мамлекеттик каржыларды, мамлекеттик мүлктөрдү башкаруунун натыйжалуулугун өстүрүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштырып жана таасирдүүлүгүн жогорулатууга тийишпиз - деп белгиледи Абылгазиев. 

Премьер-министр белгилегендей дагы бир маанилүү багыттардын бири ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо болуп жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, 2019-жылга карата Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи.

«Башкы милдет ИДПнын 4% кем эмес өсүшүнө жетишүү. Бул үчүн багыттуу иштөө жана ар бир жетекчиге конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана Мамлекеттик-Жеке өнөктөштүк долбоорлорун бекитүү зарыл. Биз экспортту, бюджетке салыктын түшүүсүн жана бажы алымдарын көбөйтүү үчүн ЕАЭБ рыногун максималдуу колдонушубуз керек. Биз мамлекеттик каражаттарды, мамлекеттик мүлктөрдү башкаруунун натыйжалуулугун өстүрүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштырып жана таасирдүүлүгүн жогорулатууга тийишпиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Новости по дате