http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Ош шаарындагы таштандылар алынбай эле, жеринде өрттөлүүдө

Элдик репортер: Ош шаарындагы таштандылар алынбай эле, жеринде өрттөлүүдө

14 Март , 15:56 72

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таштанды сыртка чыкпай эле, кабат үйлөрдүн арасына коюлган урналарда өрттөлүп жатат. Ош шаарынын тургундарын түтүнгө уулап, абаны булгаган бул көрүнүшкө мэрия тараптан эч кандай чара көрүлбөй келет. Мындай маалыматтар биздин рубрикага күз айында да келген. Бирок эч кандай жыйынтык болбогондой.

Кабат үйлөрдүн алдындагы таштанды урналары өрттөлүп, 4-5 күндөп түтүнү айлананы каптап турат. Анын айынан эшик-терезени ачмай жок. Балдарды дагы короого ойното албай убара болуудабыз. Тийиштүү тараптарга да билдирүүгө аракет кылып көрдүк. Бирок үнүбүздү уга турган адам жоктой...


 Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате