http://ktrkdev.ktrk.kg/Абылгазиев Тажикстандын Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Абылгазиев Тажикстандын Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

14 Март , 22:04 75

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода чек арадагы кырдаалга байланыштуу телефон аркылуу 3 жолу сүйлөштү. Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги учурдагы абал жана аны жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Кырдаалды жөнгө салууга , өлкөлөр ортосундагы достук, коңшулаштык мамилелерди эске алуу менен эки мамлекеттин чек ара тилкелеринде абалды турукташтыруунун мындан аркы чараларын көрүүгө эки жактуу даярдыкты билдиришти.

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода белгилегендей, эки жактын мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши жөнгө салынган. Окуяны биргелешип иликтеп, чек арадагы кырдаалды андан ары ырбатып жибербөө чараларын көрүүгө макулдашты. Өкмөт башчылар ошондой эле мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү зарыл экендигин белгилешти.


Новости по дате