http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргыз-тажик чек арасына чогулган эл менен вице-премьер-министр жолугушту

Кыргыз-тажик чек арасына чогулган эл менен вице-премьер-министр жолугушту

14 Март , 22:41 178

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусундагы чыр боюнча эки өлкөнүн биргелешкен комиссиясын түзүп, чогуу иш алып баруу зарыл. Учурда эки тараптын тең расмийлери маселени чыр чатаксыз, түшүнүшүү менен сүйлөшүүнүн негизинде чечүүгө даяр. Бул туурасында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушкан учурунда билдирди. 

Ак-Сайлык Зайнидин Дубанаев, чек ара көйгөйүн жон териси менен сезгендерден. Жыл сайын коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу мал-жандыгын жайлоого алып чыгат. Ага, Баткендин Керевшин, Шемиш жана Чечектир жайлоолоруна жетүү үчүн кеминде 10 чакырым жолду айланып өтүүгө туура келет.

Муну менен жеке эле Ак-Сайлыктардын эмес, Баткендеги 5 айыл өкмөттүн, тагыраагы 28 миңдей калктын убаракерчили жоюлмак. Баткендин расмийлеринин билдирүүсүндө жол- эки тараптуу макулдашуунун негизинде курулуп жатат.

Жол курулушунун жарымынан көбү бүтүп, 13 чакырымдай бөлүгү калган кезде чыр чыкты. Ушундан кийин, Баткен-Лейлек, Ворух-Исфара жолу жабылган. Натыйжада, эки тараптан тең жабыркагандар болду.

Окуя болгон аймакка президенттин атайын тапшырмасы менен вице-премьер-министр Жениш Раззаков барды. Анын айтымында, өлкө эгемен алган жылдардан бери чек ара маселеси алгылыктуу чечилбей келген. Эми чукул убакыттын ичинде эки өлкө ортосунда биргелешкен атайын комиссияны түзүп, ыкчам иш алып барганы жатат.

Ынтымак, түшүнүшүү жолу менен гана чечип, баш-аламандыкка жол бербөө өтүнүчүн Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси да Ак-Сайлыктар менен болгон жолугушуусунда баса белгиледи.

Ал арада, калкты тейлеген кызматтар тарабынан тушундуруу иштери колго алынды. Аймактагы мектеп, бала-бакча, оорукана мекемелери оз нугунда иштоодо. Калктын коопсуздугун камсыз кылуу учун, аймактагы тартип коргоо тузумдору кучотулгон тартипте иш алып барууда. 



Новости по дате