http://ktrkdev.ktrk.kg/Чүй облусунда жазгы талаа иштеринин 30 пайызы аяктап калды

Чүй облусунда жазгы талаа иштеринин 30 пайызы аяктап калды

14 Март , 23:02 198

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл жер айдоо өткөн жылга караганда 10-15 күнгө эрте башталгандыктан, Чүй облусунда жазгы талаа иштеринин 30 пайызы аяктап калды. Буга карата керектүү техникалар дээрлик 90 пайызга алдын ала камдалган. Жалпысынан жазгы талаа иштери планга ылайык жүрүп жатат.

Чыңгыз Акматов көп жылдан бери 10 гектар жерди ижарага алып арпа, жүгөрү эгет. Быйыл дагы күйүүчү майлоочу каражаттарын эртелеп камдап, айдап себүү иштерине эрте жазда киришти.

Механизатор Исламдын жаз келгени жумушу көбөйөт. Таңкы саат 7 ден баштап талаага чыгып, дем алышсыз иштеп калат. Айдалган жерлерге үрөөн сээп аны кайра көмүп кетүү анын милдети. Андыктан сепкен үрөн текши чыгып, дыйкандар нааразы болбосо экен деп ак эткенден так этет.

Учурдагы аба-ырайынын катаалдыгына карабай өнөктүктү белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо аракети көрүлүүдө. Сары-Өзөндөгү ар бир райондо алдын ала түшүндүрүү иштери жүрүп, быйылкы жылы эмне эгүү пайдалуу болоору кабарланган.

Андан сырткары быйылкы жылы ар бир региондогу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, көп киреше берүүчү жана экспортко багытталган өсүдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүү дыйкан-фермерлерге сунушталууда.






Новости по дате