http://ktrkdev.ktrk.kg/Ысык-Көл облусунда жаңы кодекс талкууланды

Ысык-Көл облусунда жаңы кодекс талкууланды

11 Июнь , 22:49 990

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунда жаңы кодекс талкууланууда. Жаңы кодекстерди ишке киргизүү алдында бардык даярдыктар күчөтүлүп, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын кызматкерлери окуудан өтүп, тажрыйба алмашуу аракеттери жүргөн. Өзгөртүүлөр аймактарда талкууланып, ага болгон даярдыктар орто салынган эле. Жаңы кодекстер күчүнө киргенден кийин кандай иштеп жатат? Мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ мына ушул маселинин үстүндө аймактарда талкууларын улантууда.

Сот реформасынын жүрүшүнө мониторинг жасоо боюнча эксперттик жумушчу топ Ысык-Көл облусунда талкуу жүргүзүүдө. Негизинен эле аймактардагы жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жаңы мыйзамдар менен кандай иштеп жатат. Бул багытта эксперттик топ иш алып барып, аймактардан келип түшкөн сунуш пикирлер боюнча талдоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул багытта келип түшкөн сунуштар арбын болууда.

Өлкөдөгү кылмыш-укуктук статистиканы түзүү бирдиктүү реестрдин жардамы менен болууда. Бул өз кезегинде укук коргоо органдарынадагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жана сот системасынын ишин толук түрдө электрондук ыкмага өткөрүүгө багытталган. Мониторинг жүргүзүү тобу талкуулардын жыйынтыгында материалдык-техникалык базаны чыңдоо керек экендигин белгиленип жатат.

Буга чейин адамды жазага тартууда ага катаал чара колдонуу ыкмасы кеңири жайылган. Ал эми жаңы кабыл алынган кодекстердин ишке кириши менен гумандуулукка басым жасалып жатат. Кыргызстанда жаңы кодекстердин маанилүү жана негизги бөлүктөрүнүн иштеши боюнча талкуусу буга чейин өлкөнүн бир катар аймактарында өткөрүлдү. Анын негизинде алтымыштан ашык жаңы сунуш түшкөн.



Новости по дате