http://ktrkdev.ktrk.kg/Кара-Суу: 20 жылдан бери салынып бүтпөгөн бала бакча

Кара-Суу: 20 жылдан бери салынып бүтпөгөн бала бакча

12 Июнь , 17:55 224

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Учар айылындагы 20 жылдан бери салынып бүтпөгөн бала бакчанын иштерине нааразы болгон автор, "Элдик репортерго" билдирүү калтырган.

Бул бала бакча мурун мектеп, спорт залда болгон. Эски имаратты бузуп, кайрадан бала бакча кылып беребиз дешкен. Бирок ушул күнгө чейин авариялык абалда турат. Шайлоо учурунда убада беришкен бүтүрүп беребиз деп. Ал айттылган сөздөрүн аткарышкан жок. Жылда жазда куруу иштери башталат дейт. Бирок натыйжа жок. Мына минтип жерди чекесинен ээлеп жатышат. Дүкөн, үйлөр пайда болуп калыптыр. Сатылып кеттиби эч ким билбейт?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате