http://ktrkdev.ktrk.kg/ШКУ саммитинин алкагында “Улуу достуктун кербени” аттуу гала-концерт өттү

ШКУ саммитинин алкагында “Улуу достуктун кербени” аттуу гала-концерт өттү

14 Июнь , 9:51 1638

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук филармонияда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин алкагында “Улуу достуктун кербени” аттуу гала-концерт өттү. Анда Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чыгармачыл топторунун концерттик программасы көрсөтүлдү. 

Иш-чарага Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төгарасы Си Цзиньпин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеев, Пакистандын Премьер-министри Имран Хан, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга күбө болду. 

Белгилей кетсек, концерттин көркөм жетекчиси Султан Раев, ал эми башкы режиссеру Алтынбек Максутов.


Новости по дате